www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу айылында 31-январда өткөн “Ак илбирсти коргоо – 2026” фестивалына катышты. 

Иш-чара ак илбирсти коргоо, райондун жаратылыш-маданий мурастарын жайылтуу, туристтерди тартуу жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү максатында адамдарды бириктирүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды. 

Фестивалдын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун келечектүү туристтик багыттарынын бирине айланган көрүнүктүү жерлердин бири болгон нефрит ташынын жанында жайгашкан кароо аянтчасынын жана көпүрөнүн расмий ачылышы болуп өттү. 

Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстандын улуттук символуна айланган ак илбирс өлкөнүн жаратылыш байлыгын чагылдырарын жана тоо экосистемасынын саламаттыгынын маанилүү көрсөткүчү болуп саналарын белгиледи. 

Ал Ак илбирсти сактоо боюнча иш экосистемаларды коргоону, тоо жериндеги калктын жашоо-шарттарын жакшыртууну жана жоопкерчиликтүү экотуризмди өнүктүрүүнү камтыган Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын (2023–2027-жылдар) алкагында системалуу негизде жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. 

Фестивалдын алкагында муз, кар, пенопласт жана башка материалдардан жасалган ак илбирстин айкелдеринин жана экспонаттарынын, сүрөттөрдүн жана чыгармалардын сынагы өтуп, ага Жети-Өгүз районунун мектеп окуучулары, мугалимдери жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары катышты.

 Улуттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү, ат минүү жана чана тебүү, ошондой эле улуттук тамактар көрсөтүлдү. 

Иш-чарага министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү бийлик органдарынын, бизнес чөйрөнүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, Жети-Өгүз жана башка райондордун тургундары, ошондой эле чет элдик коноктор катышты. Фестивалга жалпысынан 2000ден ашуун катышуучу чогулду.

Последние новости