www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 18-августта саат 21:20 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир айылдарын каптаган. Анын кесепетинен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Ысык-Көл районунун аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө тескемеси кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ысык-Көл районунда катталган селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМден жалпы 80 куткаруучу, 3 мотопомпа, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 40 адам, жергиликтүү тургундардан 80 адам, жалпы 200 адам, ӨКМден КДМБнан 100 куткаруучу 3 атайын техникалары менен тартылган.

1. Сел суулары Булан-Сөгөттү айылындагы турак үйлөрдү жана «Аврора», «Аврора+», «Нептун» эс алуу жайларын каптаган. Турак үйлөрдүн саны такталууда. Nº7 ЖТМден 1 грейдер тартылып, жолду сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

2. Сел суулары Корумду айылындагы турак үйлөрдү «Нептун», «Семирам» эс алуу жайларын каптаган. Турак үйлөрдүн саны такталууда.

3. Сел суулары Темир айылындагы болжол менен 300 турак үйдү каптаган. 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, «Чайна Роуд» ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Последние новости