www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан экологиялык коопсуздук багытында пландуу текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан 2025-жылдын 22-декабрында макулдашылган 2026-жылга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүү планынын алкагында, ошондой эле регионалдык башкармалыктын 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 13-13/89 буйругунун негизинде өткөрүлдү.
2026-жылдын 13-апрелинен 17-апрелине чейин Ысык-Көл районундагы Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ананьево, Жаркынбаево, Чоң-Өрүктү жана Орто-Өрүктү айылдарында белгиленбеген жерлерге таштанды таштоо фактылары аныкталып, 4 протокол түзүлдү.
Аталган мыйзам бузуулар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо катары квалификацияланды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 76 000 (жетимиш алты миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында жооптуу тараптарга таштандыларды тазалоо жана жер тилкелерин калыбына келтирүү боюнча белгиленген мөөнөттөр менен тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча иштерди мындан ары да улантат.