www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө 18 жаштагы кыздын өлүмүнөн улам үч дарыгер кармалды

Ак-Суу районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) үч дарыгери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБ билдирди.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2023-жылдын июль айында Теплоключенко айылынын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган. Ал 25-июлда ичи катуу ооруп жаткан 18 жаштагы кызын ооруканага алып келсе дарыгерлер жаткырып дарылабай дары берип кетирип жиберишкенин айткан. Бир айдан кийин кыз көз жумган.

Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Медициналык же фармацевтикалык кызматкерлердин кесиптик милдеттерин так аткарбашы" беренесинин негизинде иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.

"25-июлда кызды ичи катуу ооруп, кусуп калган абалда ооруканага алып келишкен. Т. К. аттуу дарыгер-педиатр бейтап бир күн мурда конокко барып ачуу салат жегенин, үйүнө келгенде кусуп, диарея башталганын билгенден кийин дары жазып берип үйүнө кетирген. Оорусу тарабагандыктан бейтап кийинки күнү кайра ооруканага келгенде О.М. аттуу нөөмөттөгү анестезиолог-реаниматолог кабыл алган. Бирок ал дагы дары жазып берип үйүнө кетирген. 28-июлда кыз кайра ооруканага түшкөн. Ал күнү инфекциялык бөлүмдүн дарыгер-ординатору Э.Г. кабыл алып, кызды ооруканага жаткырган", — деп айтылат маалыматта.

29-июлда кыздын абалы начарлап эс-учун жоготкон.

"Бейтап Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын реанимациялык бөлүмүнө түшкөн. 31-июлда Бишкектин Улуттук госпиталына которулуп, 5-сентябрда көз жумган. Соттук-медициналык экспертиза кыз тамакка ууланып көз жумганын көрсөткөн", — деди ИИБ.

Комплекстик соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин Ак-Суу районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун Т.К. аттуу педиатры, О.М. аттуу анестезиолог-реаниматологу жана Э.Г. аттуу ординатору кармалган. Сот алардын бөгөт чарасы катары үй камагын тандаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости