www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын 51 жаштагы тургуну зордукталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 27-июлда Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Суу районунун Жылдыз айылынын 1972-жылы туулган тургуну Б.И. арыз менен кайрылган. Анда ал 26-июлда саат 23:00 чамасында Жылдыз айылы менен Чолпон айлынын ортосунан 1977-жылы туулган Б.Р. "Мазда Трибьют" үлгүсүндөгү унаасына салып, талаага алып барып сабап, зордуктап, ошол жактагы чуңкурга таштап кеткенин билдирген.

Аталган арыз Ак-Суу РИИБинин электрондук журналына каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмү (зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен, же аны колдоном деп коркутуу менен, же жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашка баруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кийинчерээк Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы шектүүгө карата баш коргоо чарасын үй камагын колдонуу чечимин Ак-Суу райондук соту чыгарганын билдирди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, учурда Ак-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости