www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө 6-класстын окуучусу жанын кыйганы кабарланууда

Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун Теплоключенко айылында жашаган 6-класстын окуучусу өз жанын кыйганы кабарланды. Жергиликтүү милиция маалыматты ырастап, анын сөөгү өзү жашаган үйдөн 20-февраль күнү 11:00 чамасында табылганын билдирди. Бала мектепте түштөн кийинки нөөмөттө окуган.

Учурда баланын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат.

Маалыматтарга ылайык, тестиер бала үйдөгү үч баланын экинчиси болгон. Апасы чет өлкөдө миграцияда, балдар атасы менен чоң энесинин кароосунда болушкан.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында, 2023-жылы Кыргызстанда 88 миңден ашуун баланын ата-энеси миграцияда жүргөнү аныкталган. Анын ичинен 701 бала соттун чечими менен мамлекеттин камкордугуна алынган. 530 балага убактылуу камкордук берилген. Жүздөн ашуун бала реабилитациялык борборлорго, интернаттарга жана фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштырылган.

Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн балдар зордук-зомбулукка кабылып, кээде өлүмгө дуушар болгон окуялар катталат.

ЮНИСЕФтин былтыр мартта жарыяланган изилдөөсүнүң жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 2,6% депрессиядан жабыркайт. Уюмдун маалымдашынча, акыркы он жылда өз жанын кыйганга аракеттенгендер 22,6% көбөйгөн.

WorldPopulation порталынын 2023-жылкы маалыматына караганда, Кыргызстанда 10 жаштан 19 жашка чейинки 1 млн 233 миң өспүрүм бар. Алардын теңинен көбү эркек балдар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости