www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдүн жээгиндеги 841 эс алуу жайында тазалоочу курулмалардын жоктугу аныкталган. Бул тууралуу 22-февралда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жыйында айтылды.
Мындай эс алуу жайларына 509 000 сом өлчөмүндө 34 административдик айып салынды. Жаратылышка келтирген зыяны үчүн 4,8 млн сомго 17 доо коюлду. “Кайнар” жана “Дельфин” эс алуу жайларынын термалдык сууну пайдалануу боюнча лицензиялары жокко чыгарылган.
2022-жылы президент Садыр Жапаров апрель кол койгон жарлыкка ылайык, Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат. Расмий маалыматка караганда, көл жээгинде 211 ири жана 600 кичи эс алуу жайы бар.
Булак: NazarNews.kg