www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын көрүнүктүү суучулу Ахмед Анарбаев 76 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ал 1948-жылы 30-майда Кара-Балта шаарында туулган.

Ахмед Анарбаевдин ысымы чоң спорттун жана бүтүндөй өлкөбүздүн дене тарбиясынын өнүгүү тарыхына жазылган. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук энциклопедиясында башка көрүнүктүү инсандар менен бирге Ахмед Алиевич Анарбаевдин да ысымы саналып өткөн, анткени ал өлкөбүздөгү улуттук олимпиадалык кыймылдын тарыхында эң биринчи болуп келген.

Ал СССРдин курама командасындагы Мехикодогу Олимпиадага барган жалгыз кыргызстандык спортчу болгон.

Ахмед Алиевич Европанын чемпиону жана рекордсмени, көптөгөн эл аралык мелдештерди жеңген.

2015-жылы Казань шаарында спорт ардагерлери арасында сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпиону наамын жеңип алган. 

Анарбаев 80-жылдардын башында Ысык-Көлдү биринчи сүзүп өткөн. Ал ошондой эле биринчи болуп Беринг кысыгын сүзүп өткөн.

Ахмед Анарбаев дене тарбиянын өнүгүү тарыхында гана терең из калтырбастан, дүйнөлүк спорт аренасында Кыргызстандын аброюн сактап калууга татыктуу салым кошкон.

Дене тарбияны өнүктүрүү жаатындагы зор жетишкендиктери үчүн көптөгөн спорттук жана мамлекеттик сыйлыктар менен катар "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамы менен сыйланган.

Өткөн жылы ага дисталдык метаэпифиздин остеосаркома диагнозу коюлганы белгилүү болгон. Ахмед Анарбаевге бир нече жолу операция жасалган. 

2023-жылдын июнь айында Ахмед Анарбаев инсультк алган.

Белгилей кетсек, Ахмед Анарбаев менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 8-августта саат 10:00дон 11:00гө чейин Байтик Баатыр, 1Б дареги боюнча өтөт.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости