www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө браконьерлерден 100дөн ашык мыйзамсыз кармалган балык алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери урук чачуу мезгилинде браконьерлик жана мыйзамсыз балык уулоо фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча рейдтик иш-чараларды улантууда.

Кезектеги рейддик иш-чара учурунда 15-февралга караган түнү аталган кызматтын инспекторлору кезектеги рейддик иш-чарасын өткөрүү учурунда мыйзамсыз балык уулоо фактысын аныкташты.

Тартип сакчылары тарабынан көл жээгинде мыйзамсыз балык уулап жүргөн жеринен Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылынын 45 жаштагы тургуну Ч.Б. кармалган. Кармалган браконьерден 94 даана сига-лудога балыгы, 4 даана форель балыгы жана 3 даана балык уулоочу торлору алынган.

Ушул эле күнү Түп районунда жана Пристань-Пржевальск шаарчасында мыйзамсыз балык уулоонун дагы 3 фактысы аныкталып, 4 браконьер кармалган. Кармалгандардан 43 даана ар кандай балыктардын түрлөрү жана 3 даана балык уулоочу торлор алынды.

Балыктарды урук чачуу мезгилинде кармап, жаратылышка зыян келтирген браконьерлерге юридикалык баа берүү үчүн милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн тергөө кызматтарына материалдар өткөрүлүп берилди.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости