www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусундагы «Алтын-Булак» жана «Чайка» эс алуу жайларына алып баруучу автомобиль жолдорун жаңылоо иштери аяктоо алдында турат. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен бөлүнгөн мамлекеттик каражаттын эсебинен ишке ашырылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, «Алтын-Булак» эс алуу жайына алып баруучу жолго асфальт-бетон жабуусун төшөө иштери толугу менен бүткөрүлдү.
Ал эми «Чайка» эс алуу жайына алып баруучу жолго асфальт-бетон төшөлүп, тротуар курулушу толук аяктады. Учурда объектте сырткы жарыктандыруу системасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Министрликтин маалыматы боюнча, бул иштер жакынкы күндөрү толугу менен аяктайт.