www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын балбаны Кайыркүл Шаршебаева Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан «Polyak Imre, Varga Janos & Kozma Istvan Memorial» эл аралык рейтингдик мелдешинде коло медалга ээ болду.
72 кг чейинки салмак категориясындагы беттештер айлампа системасы боюнча өттү. Кыргызстандын спортчусу алгач Казакстандын өкүлү Жамиля Бакбергеновага, андан соң Польшанын балбаны Виктория Холуйга жеңилип калды.
Жыйынтыктоочу айлампада Кайыркүл Шаршебаева Индиянын өкүлү Дикше Маликти 8:2 эсебинде ишенимдүү жеңип, турнирдин коло медалын камсыздады.
Эл аралык рейтингдик мелдеш Будапешт шаарында уланууда.