www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жер казынасын пайдаланууга байланыштуу бардык лицензиялар мамлекеттик ишканаларга жана уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшү басымдуу болгон чарба жүргүзүүчү субъекттерге гана берилет.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, мындай тартип мамлекеттик жер казына фондун натыйжалуу башкарууга, стратегиялык мааниге ээ болгон кен чыккан жерлерге мамлекеттик көзөмөлдү сактоого жана мамлекеттин катышуусу бар компаниялар аркылуу кендерди өздөштүрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле тиешелүү долбоорлорго инвестиция тартууга өбөлгө болот.
Мекеме белгилегендей, жакында жүргүзүлгөн ревизиянын жыйынтыгында лицензиялык талаптарды бузгандыгы үчүн жүзгө жакын компаниянын лицензиясынын күчү токтотулган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул багыттагы иштер мындан ары да улуттук кызыкчылыктарды жана мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен улантыларын билдирди.