www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө «Горизонт» теплоходунун иши токтотулду

Ысык-Көлдө зыяндуу түтүн чыгарды делген "Горизонт" теплоходунун иши токтотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда аталган теплоход Ысык-Көлдүн акваториясына зыяндуу заттарды чыгарып жатат деген видео тараган.

Буга байланыштуу министрликтин Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору тарабынан борт номери ИК-31 болгон "Горизонт" теплоходу техникалык кароодон өткөрүлүүдө.

"Азыркы тапта тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан комплекстүү текшерүү жүргүзүлүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кеме техникалык жактан жарактуу деп табылып, мыйзам талаптарына толук жооп берген учурда гана анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Последние новости