www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан объектилерде мамлекеттик көзөмөл иштери улантылууда.
Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Каракол шаарындагы Масалиев көчөсү 122 дарегинде жайгашкан 12 кабаттуу мейманкананын курулушунда шаар куруу мыйзамдарынын талаптары бузулгандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштери бекитилген долбоордук документтерден четтөө менен жүргүзүлгөнү белгилүү болду. Бул шаар куруу нормаларына жана долбоордук талаптарга каршы келет.
Натыйжада “Мега Прим” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Учурда аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.
Ведомство бардык курулуш компанияларын шаар куруу мыйзамдарын жана техникалык талаптарды так сактоого чакырат.