www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиционерлер Ысык-Көлдө эс алып жүргөн чет өлкөлүк жарандын уюлдук телефонун жана акча каражатын таап беришти. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сѳз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июлда Ысык-Кѳл облусундагы "Кыргыз деңизи" санаторийинде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо кызматында жүргѳн ИИМдин Атайын багыттагы полктун кызматкерлерине Россиядан келген турист кайрылып, сумкасын жоготуп алгандыгын айтып жардам сураган.
Ошол замат полктун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Орозбек Кудайназаров, милициянын кенже сержанты Өктөм Айдаров жана милициянын кенже сержанты Арген Керимбеков эс алуучу жайдын айланасындагы орнотулган видеобайкоо камералардын жардамы менен ыкчам иш-чара жүргүзүшүп, тез аранын ичинде жоголгон сумканы таап ээсине кайтарып беришкен. Сумканын ичинде уюлдук телефон, 130 миң рубль, 20 миң сом жана керектүү буюмдар болгон.
Россиялык турист тартип сакчыларына терең ыраазычылык билдирген.
Булак: NazarNews.kg