www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл районунун Өрүктү жана Жаркынбай айыл аймактарындагы балык коруктарына рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.
Анын алкагында мыйзамсыз коюлган 500 метр кытай синтетикалык эски торлору алынды. Мындай торлор балыктардын массалык кырылышына, суу жаныбарларынын жабыркашына жана көлдүн экосистемасына олуттуу зыян келтирет деп айтылат маалыматта.
Адистердин маалыматына ылайык, мыйзамсыз синтетикалык торлор өзгөчө кооптуу болуп саналат. Алар сууда чирибей узак убакыт жатып, балык ресурстарынын азайышына себеп болот.