www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар коомдук тамактануу жайларында, конок үйлөрдө жана май куюучу станцияда курулуш мыйзамдарынын талаптары бузулганы аныкталды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин маалыматына ылайык, объектилерде курулуш иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп, курулуш ченемдери жана техникалык талаптар сакталган эмес.
Аталган мыйзам бузуулар үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 144-беренесинин негизинде жеке ишкерлер А.М.Д., Н.Б.Ы., «Интегра Констракшн», «СХ» ЖЧКлары жана «Jolgo» ишканасына жалпы 1 миллион 53 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу жана объектилерди белгиленген талаптарга ылайык келтирүү боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.