www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек–Жетиген унаа жолун оңдоо иштеринде курулуш талаптарынын бузулушу аныкталып, жооптуу мекемеге 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери менен биргеликте лабораториялык үлгүлөр алынган. Анын жыйынтыгында долбоордо каралган бетон негизи даярдалбастан, асфальт-бетон катмары түздөн-түз топурактын үстүнө төшөлгөнү аныкталган.

Мындан улам жолдун айрым тилкелеринде ажыроо жана жылышуу белгилери пайда болгон.

Ошондой эле долбоор боюнча асфальттын калыңдыгы 7 сантиметр болушу керек болсо, айрым жерлерде ал 3–5 сантиметр гана экени белгилүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында талаптарга жооп бербеген катмарларды кайра төшөө, лицензияланган карьерден алынган инерттик материалдарды колдонуу жана бардык кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Мындан тышкары, жолду оңдоп жаткан ДЭП-30 мамлекеттик жол ишканасына курулуш иштерин белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүү милдеттендирилип, мыйзам бузуулар үчүн 200 миң сом айып пул салынды.

Последние новости