www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай менен жолугушту.
Парламентте өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгын кеңейтүү, анын ичинде парламенттер аралык байланышты чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев Байрам Бегайдын Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө болорун белгиледи.
Ал мыйзам чыгаруу органдарынын кызматташтыгын тармактык комитеттер жана депутаттык достук топтору аркылуу активдештирүүнү сунуштап, парламенттик дипломатиянын маанисине токтолду.
Ошондой эле төрага соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты күчөтүүгө чакырып, гидроэнергетика, кайра иштетүү өнөр жайы жана туризм тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк чоң экенин айтты. Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачуу демилгесин көтөрдү.
Өз кезегинде Албаниянын президенти Байрам Бегай расмий сапардын алкагында бир катар келишимдерге кол коюлганын белгилеп, аларды ишке ашырууда парламенттердин колдоосу маанилүү экенин билдирди. Ал ошондой эле туризм, альтернативдүү энергетика, инвестиция жана студенттик алмашуу багыттарында кызматташууга кызыкдар экенин айтып, түз аба каттамын ачуу сунушун колдоду.
Жолугушуудан кийин Марлен Маматалиев ардактуу конокко Жогорку Кеңештин жыйындар залын көрсөтүп, парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Андан соң делегация Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына барып, жолугушуу маданий программа менен жыйынтыкталды.