www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын кызмат адамы С.у.А жана "Е.С" ЖЧК подряддык ишкананын жетекчиси С.А.М. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дирекция тарабынан Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылынын суу түтүктөрүн оңдоого 9 млн 171 миң 555 сомду түзгөн тендер жарыяланып, тендердин жыйынтыгында "Е.С" ЖЧКсы менен жалпы суммасы 7 млн 67 миң 126 сомго келишим түзүлгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө дирекциянын кызмат адамдары менен подряддык уюмдун жетекчиси кылмыштуу макулдашууга барып, аткарылган иштердин актысы жок жалпы суммасы 7 млн сомду мыйзамсыз которгондугу аныкталган.
Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин өлчөө боюнча комиссиясынын актысына ылайык, “Е.С” ЖЧКсы тарабынан аткарылган жумуштардын көлөмү 3 млн 206 миң 97 сомду түзгөн.
Аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 3 млн 793 миң 903 сом зыян келтирилген.
Булак: NazarNews.kg