www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ысык-Көл облусунда кезектеги жумалык рейддик иш-чараларын жыйынтыктады.
Рейддер Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жана «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» жарлыктарын аткаруунун алкагында өткөрүлдү.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган 23 факты аныкталып, административдик укук бузуу тууралуу протоколдор түзүлдү.
Натыйжада мыйзам бузгандарга жалпы суммасы 190 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, рейддердин негизги максаты – жаратылышты коргоо жана жаратылышты пайдалануу боюнча мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу, мыйзам бузууларды аныктоо, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу болуп саналат.