www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө «Салбуруун» фестивалы өтөт

Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында “Салбуурун” фестивалы өтөт. Бул тууралуу  маалымат жыйында фестивалдын уюштуруучуларынын бири Сергей Глуховеров билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 3-августунда өтүүчү фестиваль кыргыз улуттук оюндарын жана нукура маданиятын чет элдик туристтерге жана кыргызстандыктарга даңазалоо максатын көздөйт.

Иш-чара тайган салуу, бүркүт, куш салуу жана жаа атуу багыттары боюнча өтүп, 100гө жакын салбуруунчу катышат.

“Салбуурун буга чейин тайган салуу, жаа атуу, куш агытуу боюнча жарыш катары өткөрүлүп келсе, бул жылы форматын кеңейтип фестиваль катары өткөрүүнү чечтик. Фестивалга салбуруунчулардан тышкары алыскы чет өлкөлөрдөн, Кыргызстандын аймактарынан коноктордун келүүсү күтүлүүдө. Оюндарды көрсөтүү менен бирге улуттук фольклор, көл өнөрчүлүктү таанытууга да өзгөчө көңүл бурулат”,- деди фестивалдын уюштуруучусу.

Белгиленгендей, Кыргызстан боюнча жалпы 300дөн ашуун салбуурунчу бар, бирок аталган фестивалга алдын ала тандоодон өтүп, мыкты делген 100гө жакын салбуруунчу катышмакчы.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости