www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда салмагы 180 тоннадан ашкан, сырткы көрүнүшү нефритке окшош уникалдуу таш табылды. Ал Чоң-Кызыл-Суу айылынан болжол менен үч чакырым алыстыкта жайгашкан.

Аталган таш 2013-2014-жылдары эле аныкталган. Уурдалып кетүү коркунучунан улам ал кезде кайрадан көмүшкөн. Кийин жүргүзүлгөн геологиялык изилдөөлөр анын нефрит эмес, нефритоид экенин көрсөткөн. Ошого карабастан, таш илимий жана туристтик баалуулугун сактап калган.

Бул табылга аймак үчүн келечектүү туристтик объект катары каралууда. Жергиликтүү тургундар аны ачыкка чыгарып, табигый көрнөк-жарна катары пайдаланууну сунуштап келишкен.

13-январда райондук администрациянын жыйынында ташты туристтер үчүн расмий ачуу чечими кабыл алынды. Ошондой эле Чоң-Кызыл-Суу капчыгайындагы Ак-Таш жайлоосунда «Ак Илбирс» кышкы фестивалын өткөрүү пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу Оргочор айыл өкмөтүнө жүктөлдү.

Учурда «Иштерман» муниципалдык ишканасы атайын оор техника менен даярдык иштерин жүргүзүүдө.

Последние новости