www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин жыйынында «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы №548 «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Баяндамачы, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, жабырлануучу менен жарашуу жолу аркылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, жазалардын даражасын кайрадан карап чыгуу, эркиндигинен ажыратуунун узак мөөнөттөрүн белгилөө жана пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталууда.
«Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн «А1» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда», - деди Октябрь Урмамбетов.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев жөө жүргүнчүлөр үчүн жана мобилдик транспорт каражаттарынын айдоочулары үчүн жол тилкелерин өз-өзүнчө бөлүү керектигин билдирсе, эл өкүлү Болот Ибрагимов мас абалында укук бузуулар үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган нормаларды колдоп, мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн айып пулдардын өлчөмүн жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады. Ошондой эле ал айып пул салуу процессинде коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу маселесине көңүл бурду.
Депутат Марлен Маматалиев айып пулдардын өлчөмүн ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлеринин кошумча шыктандырбастан жогорулатуу коррупциялык тобокелчиликтердин күчөшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Андыктан, эл өкүлү айып пулдардын 50 пайызына чейинки бөлүгүн жол инспекторлоруна сый акы иретинде төлөп берүүнү сунуштады. Депутат Жылдыз Эгенбердиева алкоголду өлчөө үчүн заманбап каражаттарды колдонуу маселесине токтолду.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.