www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан сел өтүүчү каналдардын курулушунан жана селдин кесепеттерин жоюу иштеринен кабар алды.
Ведомствонун маалыматына караганда, быйыл ӨКМ тарабынан облустун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту, Темир айылында сел өтүүчү канал курулууда. Долбоор боюнча эки айылдагы каналдын курулушун ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү каралган.
Алсак Бактуу-Долоноту айылында 2025-жылдан бери жалпы узундугу 2570 м сел өтүүчү канал, ал эми Темир айылында жалпы узундугу 2040 м каналдын курулушу жүрүүдө.
Мындан тышкары, министр Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында Чоң-Ак-Суу суусунун нугунда курулган көпүрөнү көрүп чыкты.
Чыныбаев райондогу жергиликтүү эл үчүн жана туристтик аймак катары эсептелген Ысык-Көл районундагы коопсуздук маселеси маанилүү экенин баса белгиледи.