www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында скутер минген адам көлгө чөгүп кетти.

«Ал скутер айдап баратып Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылына жакын жерде жыгылып, чөгүп баштаган. Ал суудан чыгарылып, ооруканага жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Райондук ички иштер бөлүмүнө саат 20:06да бир адам оор абалда ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.

Бул билдирүү Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Текшерүү учурунда чөгүп кеткен адамдын өздүгү такталып, ал 35 жаштагы Чок-Тал айылынын тургуну болуп чыкты. Эркек ошол эле күнү саат 21:10дор чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Последние новости