www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан жигит куткарылды

Милиция кызматкерлери Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан жигитти куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Артур Ашимбаев, милициянын старшинасы Эркинбек уулу Дүйшөнбек жана полктун Ош шаарында жайгашкан 3-батальонунун кызматкерлери милициянын сержанты Баатырали уулу Шерзат жана Эламан Мурзабеков Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо” эс алуу жайында бүгүн, 18-июль күнү саат 12:20 чамасында кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан жигитти көрүп, куткарып калышкан. Куткарылган 27 жаштагы жигитке кызматкерлер биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, Тез жардам кызматын чакырып өткөрүп беришкен. Куткарылган жаран Ош шаарынын тургуну.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости