www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Ата шаарында Ички иштер министри Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында жумушчу кеңешме өтүп, Ысык-Көлдө өтө турган эл аралык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Анда мамлекет башчыларынын катышуусундагы «Борбор Азия – Азербайжан» консультативдик жолугушуусу жана «UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Кыргызстандын Гран-приси – Ысык-Көл 2026» мелдеши учурунда коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар каралды.
Министр бардык кызматтардын ишин координациялоону күчөтүп, алдын алуу иштерин активдештирүүнү жана ыкчам кырдаалга күнү-түнү көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды.
Коопсуздукту камсыздоо максатында Ысык-Көл облусуна ИИМдин борбордук аппаратынын жана бир катар кызматтарынын кошумча күчтөрү тартылды.