www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү маселеси боюнча Жогорку Кеңештин эки комитетинин биргелешкен көчмө жыйыны өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында катышуучулар бир катар объекттердин даярдыгы менен жеринде таанышышты.
Атап айтканда, Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борбору, Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борбору жана Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун абалы каралды.
Ошондой эле ат оюндары боюнча мелдештерди жана «Көчмөндөр жаңырыгы» этно-фестивалын өткөрүүгө даярдык иштери талкууланды.
Ипподромдун жыйындар залында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу боюнча жалпы маалымат берилди.
Белгиленгендей, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын маданий мурасын, улуттук спорт түрлөрүн жана көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын эл аралык деңгээлде таанытууга багытталган ири иш-чара болуп саналат.
Учурда уюштуруу жана маданий программа боюнча даярдык иштери уланууда.