www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкектин Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматы менен биргеликте каннабис тобундагы баңгизаттарды мыйзамсыз колго өндүрүүчү лабораторияны аныктады.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Ысык-Көл облусунун Т.А., аттуу тургунунун үйүндө шашылыш тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында каннабис тобундагы баңгизаттарды өндүрүүчү лаборатория үчүн жабдылган кампадан көк түстөгү 100 литрлик желим бочканын ичинен жашыл түстөгү зат табылып алынган. Ал таңгактары менен жалпы салмагы 26 килограммды түзгөн. Болжол менен гашиш баңгизат каражаты болгон. Ошондой эле ал жакта баңгизатты жасоочу шаймандар болгон.

Андан ары ашкананын терезесинен боз түстөгү желим идишке салынган салмагы 26 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылып, алынган. Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 26 килограмм 26 граммды түзөт.

Кармалган Т.А., аттуу жаран Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости