www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда төрөттөн кийин 20 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу облустук ИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-июлда саат 13:25те Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө райондук ооруканадан 2006-жылы туулган аялдын төрөттөн кийин каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 22-июлга караган түнү саат 00:00дөр чамасында келиндин толгоосу башталып, Тоң райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнө кайрылган.
Болжол менен саат 03:00дө төрөт процесси башталып, саат 07:05те ал уулун жарык дүйнөгө алып келген. Төрөттөн кийин анын абалы кескин начарлап кеткен. Дарыгерлер керектүү медициналык жардам көрсөтүп, хирургиялык операция жасашкан. Бирок көрүлгөн бардык аракеттерге карабастан, бейтап саат 12:48де көз жумган.
Жаңы төрөлгөн ымыркай учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Бул факты боюнча зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, медицина кызматкерлери суракка алынууда. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.