www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көлдөгү селде болжол менен 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дилбара Үсөнбаева билдирди.

Анын айтымында, учурда селден кийин Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир жана Кашат айылдарында Жарандык коргонуу кызматтары айыл чарба тармагындагы жабыркаган аймактарды изилдеп жатат.

“Бүгүнкү күнгө карата берилген маалыматтар боюнча, Ысык-Көлдөгү селде 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Дагы изилдөө иштери улантылып жатат. Дыйкандарыбыздын үйдөгү бакчаларындагы жер-жемиштери жана мөмө-жемиштери жабыркагандыгы такталууда”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 18-августта жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темир жана Кашат айылдарын сел каптаган.

Последние новости