www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн акваториясында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө жалпы узундугу 11,6 чакырымды түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлор жана 190 килограмм тиричилик калдыгы чыгарылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулду.

15-июлдан тартып ушул күнгө чейин көлдүн түбүнөн жана суудан жалпы узундугу 11 600 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылып, ошондой эле 190 килограмм тиричилик калдыктары чогултулуп, белгиленген тартипте тазаланды.

Рейддин негизги максаты – Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана мыйзамсыз балык уулоонун терс кесепеттерин азайтуу.

Министрлик Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган рейддик жана көзөмөлдөө иш-чаралары мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн билдирди.

Последние новости