www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жай келип Ысык-Көлгө эс алгандар арбыды. Чет өлкөдөн бери келип эс алгандардын аягы эми үч айга үзүлбөйт. Кудай кут кылсын.
Ушул элибиздин бактысына бүткөн кереметтүү Ысык-Көлүбүздү көзүбүздүн карегиндей сактоо ыйык милдетибиз.
Дегенибиз, соңку жылдары көлдүн ичине ар кандай акыр-чикир таштанды толуп, аябай булганып жатат. Ал аз келгенсип дээрлик 90% пансионаттардын саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулмалары жок. Ушунун баары көлүбүздүн касиетин качырып, кутун учуруп жатат. Көлдүн экологиялык, биосфералык жагымдуу климатын талкалап албайлы десек, тазалыкка, анан жашылдандыруу маселесине олуттуу маани беришибиз абзел.
Мына жакында эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көл түбүндөгү таштандылардан жана браконьерлердин балык уулоочу торлорунан тазалоо ишин жүргүзүштү. Иштин оордугуна карабастан төрт айга жетпеген убакыт ичинде 96 000 метрге жакын тор, 6 тоннага жакын таштанды чыгарышканын президент Садыр Жапаров билдирди.
Буга байланыштуу президент өз сөзүндө: "Экология темасын улай көлдүк туугандарыма кайрылып кетейин. Суучулдарыбыз иштин оордугуна карабастан төрт айга жетпеген убакыт ичинде 96 000 метрге жакын тор, 6 тоннага жакын таштандыны чыгарышты. Салган торлоруңар унутулуп калып, түшкөн балыктар чирип, жыттанып кеткен учурлар аябай көп болуп жатат. Бул эмне деген акмакчылык?! 96 миң метр деген бул 96 чакырым. Көлдүн түбүнүн баары тор болуп кеткен. Келиңиздер, адам баласыбыз го акыры, балыктарга дагы 3 жыл, 5 жыл тынч жашоо бербейлиби. Мораторий кирген, балык жебей койсоңор эч нерсе болбойт", — деп айтты.
Калп айткан менен болобу, өлкө башчысы өтө туура маселени айтты. Колдо бар алтындын баркы жок болуп, Кудай ыроологон Ысык-Көлүбүздү өзүбүз булгап, экологиясын бузуп, кыйратып жатабыз. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Аң-сезимди оңдоп, абийирибизге камчы чаппай, көз жоосун алган керемет көлүбүздү кийинки муунга соолутпай өткөрүп берүү биздин милдет.
Айталы, кийинки жылдары көлдүн суусу улам тартылып баратат. Жергиликтүү элдин байкоосунда акыркы 5-6 жылдын ичинде эле суу жээктен бир кыйла 6-7 метрге чейин тартылып кеткен. Ошондо тереңдиги бери жагы 1-1,5 метрге чейин төмөндөгөнү айтылууда. Билгенге, түшүнгөнгө бул кооптуу коңгуроо. Буга эмитеден алдын-алуу иш-чараларын көрүш керек.
Ысык-Көлдүн экологиясын, биосфералык климатын, жанга жагымдуу жаратылышын сактап калалы десек, биринчи тазалыкты сактоону колго алуу зарыл. Анан дагы бир эң негизги көйгөй болгон көл жээгиндеги саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулмалары жок пансионаттарды жабыш керек. Бул азыркы учурдун өтө маанилүү талабы.
Мындан сырткары, Орто-Токой суу сактагычында топтолгон суудан көлгө буруу жагын дагы колго алуу зарыл. Көлдүн суусу тартылып отуруп оор кырдаал жаралганга чейин күтүп отурбай, маселени азыртадан жөнгө салуу кажет. Тартылып, бөксөргөн кенемтени толтуруу үчүн жылына кандайдыр бир көлөмдө Орто-Токой суусун буруп, жылыга агызып туруу милдет. Ошол эле учурда жашылдандыруу жылына үзгүлтүксүз жүрүшү зарыл.
Антпесе, жоготуп алуу оңой. Ордун толтуруу кыйын. Ал түгүл мүмкүн эмес.
Алмаз Темирбек уулу