www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөн суу алган жумушчуларга айып пул салынды

Ысык-Көл көлүнөн курулуш эритмесин даярдоо үчүн суу алуу фактысын текшерилип, эки жаран айыпка жыгылды. Бул тууралуу Экология министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Тамчы айылындагы көлдөн жумушчулар суу алып жаткан видео тараган.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Тамчы айылындагы эс алуу аймагында ыкчам текшерүү жүргүздү. Мыйзам бузуу фактысы тастыкталды.

Жеринде бул иштерди «Salam City KG» курулуш компаниясынын кызматкерлери жүргүзгөнү аныкталды. Алар шор суу менен эритме даярдап көрүүнү көздөшкөн. Суу котлован үчүн колдонулган эмес.

Эки жаранга КРнын Укук бузуулар кодексинин негизинде айып салынды: 245-3-беренеси боюнча 10 миң сом жана 115-1-беренеси боюнча 5500 сом.

Учурда иштер токтотулуп, аймак таштандылардан тазаланды.

Последние новости