www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Бөкөнбаев айылында 3-августта "Салбуурун" фестивалы өтөт.

"Салбуурун" федерациясынан билдиришкендей, маданий иш-чара саат 10:00дө башталып, 16:00гө чейин уланат.

Фестиваль төмөндөгүдөй программа менен коштолот:

алгыр куштардын көргөзмөсү (бүрк, шумкар);

бүркүт жана шумкардын аңчылык өнөрүн көрсөтүү;

салттуу жаалардын жана мергенчилик кубоктордун көргөзмөсү;

чебер жаачылардын аткаруусу;

кыргыз тайганынын көргөзмөсү (шоу);

сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү;

коноктор арасында жаа атуу боюнча мелдеш;

байге ээлерин сыйлоо;

фольклордук концерт.

Кирүү акысы – 500 сом, ал эми түштөнүү – 700 сом.

Последние новости