www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан Россияга сүт жана балык азыктарына киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эки тараптуу ведомстволор аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде былтыр коюлган чектөөлөр жоюлду.

“Бир ай мурда Ветеринардык кызматы, Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Чектөөлөр алынып салынды. Бирок мурдагыдай эле көзөмөлдөө иштери күчөтүлөт. Биздин ишкерлер коюлган белгилүү бир талаптарды бузбай, техникалык регламентке ылайык иш алып баруулары керек”, - деди ал.

Белгилесек, Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы 2023-жылдын башында Кыргызстандан балык азыктарын, 21-апрелден тарта сүт азыктарын Россияга ташууга тыюу салган.

Последние новости