www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын биринчи жарымында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашык эски синтетикалык балык уулоочу торлорду чыгарды.

Бул тууралуу министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишев билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы бир жыл ичинде көлдөн 47 миң 500 метр эски тор алынган.
Ошондой эле быйыл Ысык-Көлдө балыктардын саны көбөйүп, айрым түрлөрүнүн көлөмү да өскөнү байкалганы белгиленди.

Мындан тышкары, жыл башынан бери көлдүн түбүнөн 1 тонна 250 килограмм таштанды чыгарылган.

Алардын арасында гантель, гиря, унаа дөңгөлөктөрү, амортизаторлор жана башка буюмдар болгон.

Министрликтин маалыматына ылайык, көлдөн алынган таштандылар топтолуп, андан кийин Бишкек шаарындагы таштанды өрттөөчү заводго жеткирилип, жок кылынат.

Последние новости