www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысыкта бөлмөнүн ичиндеги кондиционердин оптималдуу температурасы 20-22 градустан төмөн болбошу керек. Бул тууралуу Москванын Саламаттык сактоо департаментинин баштапкы медициналык-санитардык жардам боюнча штаттан тышкаркы адиси Андрей Тяжельников айтып берди.

"Сыртта ысык болгондо муздатуу аракеттерин жасоо керек. Адамдын организми жогорку температурага көпкө туруштук берүүгө ыңгайлашкан эмес. 40 градуста адам ысык толкунга урунуп калуу коркунучу бар. Ошондуктан кондиционер оптималдуу климаттык шарттарды сактоо үчүн натыйжалуу ойлоп табуу болуп саналат. Кондиционер бөлмө ичинде 20-22 градус болгону оң", — деди Тяжельников.

Дарыгер айрымдар күн өтө ысып кеткенде бөлмөнү тезирээк муздатуу үчүн өтө муздак температурага коюп саларын, бул үшүп калууга, андан ары ооруга алып келерин эскертти.

"Муну алдын алуу үчүн бөлмөнү акырындап муздатып, өтө төмөн температурага койбоо керек. Кондиционер иштеп жатканда үстүгө бир нерсе кийип алган жакшы. Организм ысык менен муздакка дароо кабылганда стресске учурап, иммундук коргонуу төмөндөйт жана өнөкөт оорулар күчөйт", — деди адис.

Ошондой эле ысыкта кондиционер жок болсо желдеткич каражаттарын колдонууну сунуштады. Такыр болбосо таштекке муздак суу куюп же музду салып койсо бөлмө салкын болорун айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости