www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үйлөнүү үлпөтү ар бир келиндин жашоосундагы ушунчалык жаркын окуя болгондуктан, көпчүлүк конокторду гана эмес, бүткүл дүйнөнү таң калтыргысы келет. Үйлөнүү үлпөт көйнөктөрүнө, кымбат баалуу нике шакектерине, банкеттерге, зер буюмдарына эбегейсиз каражат сарпталат. Бул ирет Гиннестин рекорддор китебине кирген укмуштуудай үйлөнүү фактылары тууралуу сөз болот.
Эң чоң үйлөнүү той
Индияда Гиннестин рекорддор китебине кирген В.Н.Шудакаран менен Н.Шатъялакшминин үйлөнүү тоюна көптөгөн коноктор чакырылган. Дүйнөдөгү бул эң чоң үлпөт тою эки күнгө созулуп, 23 миллион доллар сарпталган. Ар бир конок процессти толугу менен көрө алышы үчүн чоң экрандар коюлган.
Нике кыюу аземи болгон храмдан банкет залына чейин кооз жаңы гүлдөр менен кооздолгон жана укмуштуудай индиялык скульптуралар менен курчалган беш чакырымдык жол бар эле. Коноктор үйлөнүү үлпөтү уюштурулган чоң, кооз аянтчага отурушкан.
Дүйнөдөгү эң чоң үлпөт торт
АКШнын Оммен пунктунда белгисиз, бирок бай түгөйлөрдүн үлпөт тоюна эң чоң торт жасалып, масштабы менен дүйнөнүн баарын таң калтырды.
Кондитердик азыктын салмагы 5 тонна, бийиктиги 18 метр 5 сантиметрге чейин жеткен. Мындай эбегейсиз зор шедеврдин үстүндө 75 адамдан турган бригада 3 ай иштеген. Тойдо тортту кантип бөлүктөргө бөлүнгөнүн элестетүү кыйын.
Дүйнөдөгү эң кымбат үлпөт торт
Планетадагы эң кымбат деп табылган той тортунун баасы канча болушу мүмкүн? Cake Boss телеберүүсүнүн кондитерлери үйлөнүү үлпөтүнүн жаңы рекордун коюп, отуз миллион долларга жакын эң кымбат тортту тартуулашкан.
Бул торт Нью-Йорктогу үйлөнүү үлпөтүнө жасалган. Торт толугу менен изумруд, рубин, сапфир жана, албетте, бриллиант сыяктуу кымбат баалуу зер буюмдары менен кооздолгон. Ал эми торттун эң кымбат жасалгасы, болжол менен 7 миллион доллар болгон коноктордун баарын таң калтырды.
Эң кымбат үлпөт көйнөк
2006-жылы дизайнер Рене Штраусс менен зергер Мартин Катцтын эмгеги Гиннестин рекорддор китебине татыктуу түрдө кирген. Алар дүйнөдөгү эң кымбат үйлөнүү үлпөт көйнөгүн тигишкен.
Көйнөктүн баасы болжол менен 12 миллион долларды түзгөн. Көйнөктүн сырткы көрүнүшү өтө кооз көрүнбөгөнү менен ал 150 караттык чыныгы бриллианттар менен кооздолгон.
Эң узун үлпөт көйнөк
Дүйнөдөгү этеги эң узун укмуштуудай көйнөк Румынияда тигилип, анын бет ачары Бухаресттеги үйлөнүү үлпөт жарманкесинде өткөн. Шлейфтин узундугу үч чакырымга жеткен. Мындай шедеврдин үстүндө он бычмачы 3 айга жакын иштеген.
Көйнөктүн болгон кооздугун көрсөтүү үчүн дизайнерлер аны румыниялык моделге кийгизип, шаардын үстүнө учурулган аба шарына салышкан. Бул көйнөк планетадагы эң узун үлпөт көйнөк катары бардык рекорддорду жаңырткан.
Эң көп каражат сарпталган үйлөнүү той
Атактуу рекорддор китебине катталган маалыматка ылайык, эң кымбат үйлөнүү тоюн индиялык жубайлар Ваниша Миттал менен Амит Бахтия белгилешкен. Алардын тоюна болжол менен 78 миллион долларды сарпталган. 2004-жылы бул түгөйлөр үйлөнүү тоюн дүйнөнүн эң романтикалуу шаарларынын бири - Парижде өткөрүшкөн.
Эң кымбат үйлөнүү тою Версаль сарайында өтүп, андан соң майрам Франциянын борборуна жакын жердеги байыркы сепилде уланган. Тамак-аш, суусундуктар, оюн-зоок, Кайли Миноугдун спектакли, конокторду Францияга алып баруу - мунун баары жаңы үйлөнгөндөргө көп сумманы талап кылган.
Булак: NazarNews.kg