www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдөгү бүткүл адамзаттын өмүрүнө коркунуч жараткан окуяларды күн сайын окуу, угуу, көрүү камдимки жашоонун маанисин өзгөртөт. Азыркы болуп жаткан окуялар ар бир жаранды түйшөлтүп, санаасын санга бөлөт. Өзүнүн жана жакындарынын келечеги арсар болуп турган маалда адамды ар кандай ойлор жетелеп, оюн онго ажыратат.
Албетте, адамзаттын жаркын келечеги дүйнөнүн тынч жана бейпилдигинен түзмө-түз көз каранды. Бул учурда адам өзүн курчаган айлана-чөйрөнүн таасири астында стресс, депессияга кабылыш мүмкүн.
Бирок, буга карабай тирүүлүк деген улана берет. Мындай шартта тынч жана бактылуулукту каалагандар жер которуп, баарын жаңыдан баштоого камынышат. Дүйнөнүн бир учунда кыйроо болуп жатса, экинчи бир жеринде бактылуу өмүр, бейпил жашоо өкүм сүрөт.
Бул ортодо жума күнү жарыяланган Дүйнөлүк бактылуулук баяндамасында Финляндия бешинчи жолу катары менен дүйнөнүн эң бактылуу өлкөлөрүнүн тизмесине кирди.
Ал эми эң бактылуу өлкөлөрдүн алдыңкы ондугуна Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланд, Люксембург, Швеция, Норвегия, Израиль жана Жаңы Зеландия кирди. АКШ 16-орунда (2021-жылы 14-орун), Улуу Британия 17-орунда (2021-жылы 18-орун), Франция 20-орунда (өзгөрүүсүз). Ал эми Кыргызстан 98-орунда турат. Кошуна Тажикистан - 96, Казакстан - 60, Өзбекстан - 47-орунда.
БУУнун маалыматы боюнча эң бактысыз өлкөлөр - Ооганстан (рейтингдин акыркы сабында) жана Ливан болду.
Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк бакыт боюнча отчёт (World Happiness Report) жыл сайын Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү чечимдер боюнча бөлүмү тарабынан чыгарылат. Анда дүйнөнүн 146 өлкөсү бааланып, жашоонун узактыгы, социалдык колдоо, коррупция жана башка көрсөткүчтөр эске алынат. Эске салсак, Дүйнөлүк бакыттын биринчи баяндамасы 2012-жылы жарык көргөн.
Булак: NazarNews.kg