www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былыгы чекесинен чыккан партиялар сапка тизиле баштады. Маселен, БШК тарабынан спикер Талант Мамытовдун талапкерлиги мыйзамсыз катары каралса, анысы догурунуп сотко берип, талашып-тартышып жатат.

Биздин баамыбызда, БШК эрктүүлүк менен аягына чейин соттошсо, чындыкка жетиши толук мүмкүн эле. Азырынча кез будамайлоо негизсиз. Мыйзамдуулукка эч кимдин, бир дагы саясый күчтүн шек келтирүүгө акысы жок

Ал эми Чүйдүн губернатору Эркин Тентишевдин баласы Бакыт Тентишев да «Ынтымак» партиясынан шайлоого катышып жатат. Чүйдөгү чиновниктер ачыкка чыгышпаса да, өз ара күмпүңдөшүп, тымызын берилген буйрукка каршы чыкканы калыштыбы?

Атасы бир облустун бийлигин мыкчып турса, анан уулуна жан тартпай коëбу? Бул жагынан да иликтөөнүн үстүндөбүз. О.э. бир кезде «Учур» гезитинде кабарчы катары иштей албай кеткен Адинай Марипова да «Ынтымактан» талапкер экен. «Ичкен кудугуна түкүрбө» деген нуска кепти мындайлар кайдан билсин?

Андагы «Учурдун», азыркы «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге убагында, кийин да тескери сөз таратып, жалган жалаа жаап келгенин кантебиз? Ошондогу кесиптештери Адинай жөнүндө көп кептерди айтышса, редактор мырза кебелбей, бийик туруп койгонунда кандай сырлар жатат?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости