www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Атада өзүн белгисиз адамдар уурдап кетти деп алдап койгон өспүрүм баланы райондук милиция түп көтөрүлө издеди. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Баланын апасы 18-апрелге караган түнү саат 00:23тө милицияга арыз менен кайрылган. Анда кечээ, ишемби күнү, саат 16:30дар чамасында 17 жаштагы уулу уюлдук телефонун оңдотуу үчүн Ивановка айылы тарапка кеткенин жазган.

Болжол менен саат 19:00дөр чамасында апасына чалып үйгө баратканын, бирок артынан белгисиз унаа менен чоочун кишилер аңдып келе жатканын айткан. Кайра жарым сааттан кийин телефонун алып, аны Ивановка айылындагы аймактык оорукана жактан уурдап кетишкенин билдирип, ошол бойдон телефону өчүп калган.

Факт Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен КЖБРге катталган. Ысык-Ата райондук милициянын бардык өздүк курамы тартылып, баланы Ивановка, Кең-Булуң жан Чолпон айылдарынан издешкен.

"Милиция кызматкерлери талааларды, жайыттарды жана адам жашабаган, кароосуз калган жайларды тинтишкен. Ысык-Ата районуна кирип-чыгууга блокпосттор коюлган. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм Новопокровка айылындагы досунун үйүнөн эле табылды. Алдын ала маалымат боюнча, бала тентектик кылып ушундай кадамга барган", — деп айтылат маалыматта.

Бала аман-эсен ата-энесине өткөрүп берилгени айтылат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости