www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбуктун Турат Аким аттуу колдонуучусу "Балбайдын өчүн алыптыр" деген аталыш менен пост жарыялаган. Анда ал эки кулагы кесилген адамдын сүрөт, видеосун жүктөгөн. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.

"Бул эргул ичип алып мушташып, экөөнү сабаптыр. Таяк жегендер качып кетип, дагы досторун чакырып жабылып - сен эмне мынча "дерзкий" дешсе, "мен Балбайдын кулагын кескен тукумдан болом" деген экен. Андай болсо сенин кулагыңды мен кесем деп бирөөсү бычак менен мунун эки кулагына бакан эн коюптур. "Тез жардам" келип анын кулактарын тигип, милицияга өткөрүп бериптир", - деп жазган анда ал.

Бул окуянын чоо-жайын Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы төмөндөгүдөй түшүндүрдү. Ага ылайык, окуя 2-майда Түп районунун Кудургу айылында болгон. Ал күнү Түп райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан чалышып, аларга Ак-Суу районунун Зындан айылынын 36 жаштагы жашоочусу Аманбол.А жабыркап кайрылганын айтышкан.

"Ыкчам-опер топ чакырылган жерге барып, жабырлануучунун 1-майда Чүйдөгү Токмок шаарындагы эжесинин үйүнөн чыгып, кайра өзү жашаган Зындан айылына бара жатып, бул окуяга туш болгонун билишкен. Ал Токмоктон келе жатып жолдон спирт ичимдигин ичкен, Түп районунун Кудургу айылына жеткенде алкоголдук ичимдик ичип отурган жаштарды көрүп, аларга кошулган. Алар да Аманболго арак куюп беришкен. Анда К.К., Г.Б. жана А.Б. үчөө ичип отурушкан.

Чогуу ичип отурушканда балдардын бири менен жолоочу жаңжалдаша кетип, ал анын кулагын кесип салган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 136-берене (денеге анчалык оор эмес зыян келтирүү) менен катталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө-иликтөө иштеринде бул ишке 29 жаштагы К.К. шектелип, ал кылгандарын толугу менен моюнуна алган. Анын айтымында, Аманбол менен чогуу ичип отурушканда, ал Зындан айылына жете албай кала турганын айткан. Анда К.К. үйүнө түнөп калууну сунуштап, эртеси эртең менен жолун уласа болорун айткан. Бирок Аманбол мас болуп калып А.Б.ны күтүүсүз согуп жиберген. Буга ачууланган К.К. досуна болушуп, Аманболдун кулактарын кесип салган", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле анда 22-майда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандыгы, анын негизинде иш Кылмыш жаза кодексинин 66-беренесине (саламаттыкка жеңил зыян келтирүү) өзгөртүлгөнү жазылган.

"Бирок сотко чейинки өндүрүш иштеринде Аманбол Түп райондук ички иштер бөлүмүнө эч кимге доом жок деген арыз менен кайрылган. Түп РИИБи 26-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин токтотту. Тараптардын жаңжалы Фейсбук колдонуучусу жазгандай, Балбак Баатырга такыр тиешеси жок. Жабырлануучу видеого сүйлөп жатканда "Качандыр бир кезде Балбак Баатырдын кулагын кесишкен, эми меники кесилди" деп гана айтканы бар", - деп маалымдашты Ысык-Көл ОИББинен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости