www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЮНЕСКОнун Башкы директору Халед аль-Анани 2026-жылдын 30-августунан 6-сентябрына чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына патронаж көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Париж шаарындагы ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биргелешкен ишинин натыйжасында кабыл алынды.
Жакында ЮНЕСКОнун Башкы директору менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ЮНЕСКОнун патронажын берүү тууралуу кайрылуусун жеткирди.
Патронаждын берилиши Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салттуу спорт түрлөрүн жана оюндарды сактоого жана илгерилетүүгө, ошондой эле материалдык эмес маданий мурастын ажырагыс бөлүгү катары өнүктүрүүгө багытталган маанилүү эл аралык демилге экенин эл аралык деңгээлде таанууну тастыктайт. Бул эл аралык катышууну кеңейтүүгө жана Кыргызстандын маданий мурасын дүйнөлүк деңгээлде мындан ары да илгерилетүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.