www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыштын Украинага берген курал-жарагы Сириядагыдай эле террорчулардын колуна өтүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москвада өткөн брифинг учурунда айтканын РИА Новости жазды.
"Батыш тараптан сириялык оппозицияга деп жеткирилген курал "мыйзамсыз базарда" сатылып, "Ислам мамлекетинин"* террорчуларынын колуна түшкөн. Азыркы Украинадагы окуя дал ошого окшошуп турат. Биз болгону Украина Сириянын тагдырын кайталап калбасын деп жатабыз", — деди ал.
Россия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан бейбаштыкка жана геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Өткөн аптада АКШ президенти Жо Байден Украинага 800 миллион долларлык аскердик жардам берерин айткан. Негизи эле Россия бийлиги АКШ менен Евробиримдикти Украинага курал жеткирип жатканы үчүн бир нече жолу сындап, Батыштын бул жаңжалга түздөн-түз тиешеси бар деп айтып келет.