www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“ЖККУ саяктуу уюмдардын уставдарында чыр-чатактарда эмне кылуу керектиги так жазылбаптыр”, - деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, эксперт-конфликтолог Зайырбек Эргешов.

--“ЖККУ сыяктуу уюмдарга мүчө мамлекеттер бири-бирине курал көтөрүүгө тыюу салынат дегендей катуу санкцияларды киргизиш керек. Себеби бул уюмдардын уставдарында мындай чыр-чатактарда эмне кылуу керектиги так жазылган эмес. ЖККУнун уставында эгер ага мүчө мамлекетке мүчө эмес мамлекет кол салса, мүчө мамлекеттердин бардыгы согуштук аракеттерди жасайт деп жазылып турат. Бирок ЖККУда да, ШКУда эл аралык террорчулук, экстремизм менен күрөшүү деген гана ченемдер бар. Демек, алардын уставдарын кайрадан карап чыгууга аракет кылуу керек”, - дейт эксперт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости