www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Залкарбек Табалдиев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан MUHAMET MALO 2026 эл аралык рейтингдик турниринде 70 кг чейинки салмак категориясында коло медаль жеңди.

Табалдиев мелдешти 1/8 финалдан баштап, биринчи беттеште Кыргызстандын дагы бир өкүлү Рустам Кахаровду 12:1 эсебинде утту. Чейрек финалда болгариялык Калоян Атанасовду 14:3 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Жарым финалда ал АКШ спортчусу Алек Вилльям Понталеого 0:10 эсебинде утулуп калды. Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште мексикалык Аустин Кли Гомез жаракат алганына байланыштуу коло медаль Залкарбек Табалдиевге ыйгарылды.

Последние новости