www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү демилгеленүүдө. Президент Режеп Тайип Эрдоган үчүнчү ирет талапкерлигин коюшу мүмкүн экени айтылууда. Бул жаңылык акыркы күндөрү башкы саясий темага айланды. Бийликтеги АК партия 2028-жылдын майына пландалган шайлоону 2027-жылдын ноябрына жылдыруу демилгесин ачык талкуулай баштады.
Партия өкүлдөрү мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлсө, Эрдогандын кайра талапкерлигин юридикалык жактан мүмкүн кылуу максаты бар экенин билдиришти. Түркиянын Конституциясына ылайык, парламент 360 добуш менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяласа гана президент үчүнчү ирет талапкер боло алат. Азыр АК партия 275 мандатка, анын өнөктөшү Улуттук кыймыл партиясы 47 мандатка ээ. Жалпысынан Эрдогандын жактоочулары парламентте 322 добушту камсыздашканы менен кошумча колдоо талап кылынат.
Соңку апталарда айрым депутаттардын бийлик жана оппозиция лагерлеринде орун алмаштыруусу байкалууда. Саясий серепчилер АК партия мурда бөлүнүп кеткен депутаттарды кайтарууга аракет кылып жатканын айтышат. Ошондой эле парламентте 56 мандаты бар DEM партиясы менен ымала түзүү ыктымалдыгы да талкууланууда.
Оппозициядагы Республикалык элдик партия да мөөнөтүнөн мурда шайлоого толук каршы эмес экенин билдирген. Анкарадагы саясий чөйрөдө бийлик менен оппозиция ортосунда тактикалык келишим болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда.