www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 25-февраль күнү Баткен ОИИБдин жыйындар залында Башкармалыктын Тергөө кызматы тарабынан облустук прокуратура кызматкерлеринин катышуусунда Баткен облусунда “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” укуктук ченемдик актыларынын бузулушу боюнча окуу-сабак өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чара Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан уюштурулуп, окуу-сабакка Башкармалыктын жана ШРИИБдин тергөө кызматынын жетекчилери, тергөөчүлөрү, ШРИИБдердин коомдук коопсуздук боюнча орун басарлары, нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери жана алардын жардамчылары, ошондой эле областтык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын башчылары жана КБР менен иштеген кызматкерлери катышты.
Сабак суроо-жооп менен коштолуп, катышуучулар тарабынан берилген сунуштар кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы "Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" №141 токтомунун талаптарын так сактоо боюнча эскертүүлөр берилди. Мындай чаралар укук коргоо органдарынын ишин жакшыртууга жана мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн маанилүү болуп саналат.